Royal
SerepTV Logo

Алайкууда энергетиктер кар жиреп барып, жарык беришти

Алайкууда энергетиктер кар жиреп барып, жарык беришти
ӨКМдин шашылыш билдирүүсү боюнча 17-18-19 февраль аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү менен суу аралаш кар жаап, Кара-Кулжа районун Алайкуу өрөөнүндө 17-февраль күнү саат 6:00 чамасында жарык үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан маалымдашты.
Авариялык кырдаалды калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа РЭТинин “Терек” бөлүмүнүн устаты Бакыт Курбантаев баш болгон электр эпкерлер карап, кыдырууга чыгышкан. Натыйжада үзгүлтүккө учураган аба чубалгыны таап оңдоп, жарык берилген.
width="500" height="250" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">