Abank
SerepTV Logo

"Ала-Тоо" аянтындагы майрамда 503 бала адашып кеткен

"Ала-Тоо" аянтындагы майрамда 503 бала адашып кеткен

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө учурунда "Ала-Тоо" аянтында 503 бала жоголгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Айбарчын Батырбекова билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери жоголгон балдардын баарын ата-энелерине кайтарып беришкен.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, борбор калаанын борбордук аянтында өткөн майрамдык иш-чарага 40 миңден ашуун адам катышкан.