"Ала-Тоо" аянтында согуш ардагерлеринин илинген сүрөтү талкуу жаратты. Мэрия эмне дейт?
Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Жеңиш күнүнө карата илинген жасалгалоону сынга алышты. Алар "согушка чет өлкөлүктөр эле барышыптыр, кыргыздар кайда?" деген сөздөрү жазышууда. Борбор калаанын мэриясы бул боюнча үн катты.
"Социалдык түйүндөрдө "Ала-Тоо" аянтына жалаң европалык түспөлдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын сүрөттөрүнүн коюлушу боюнча чагымчыл маалыматтар тарап жатат. Борбор калаанын мэриясы баннерлерде Советтер Союзунун 75 Баатырынын – Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү экендигин билдирет.
Борбор калаанын муниципалитети улуттар аралык жаңжалга алып келе турган жалган маалыматтарды таратпоону суранат", - дешти.