Royal
SerepTV Logo

"Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы желек илинди (видео)

"Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы желек илинди (видео)
Бүгүн, 8-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алган желек илинди. Буга чейин 1-январда дагы бир желек илинген болчу. Бирок аны социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңеш кабыл алгандан башка желек экенин айтып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektin-ala-too-ayantynda-jany-jelek-ilindi/">айтып чыгышкан. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган туу эмнеге өзгөртүлгөнү тууралуу “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен” деп билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/emne-ychyn-bashka-prezidenttin-maalymat-kyzmatynyn-jetekchisi-tuu-emnege-ozgortylgonyno-kommentarii-berdi/">билдирген. Кийин «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы желекте күндүн нуру 40 эмес, 39 экендиги боюнча талаш жаралып, мэрия бул маалыматты төгүнгө чыгарган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ala-too-ayantyna-40-emes-39-nuru-bar-jelek-ilingenbi-daiyrbek-orunbekov-joop-berdi/">чыгарган болчу. Ал эми депутат Тазабек Икрамов «Жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле» деген пикирин  соцтармактагы баракчасында жарыялаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputat-ikramov-jany-tuu-gimn-oinolup-ardaktuu-karooldun-koshtoosunda-kotorylyshy-kerek-ele/">жарыялаган.