Abank
SerepTV Logo

Ала-Бука - Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

Ала-Бука - Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. Жумушчу сапарынын алкагында ал Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, президенттин колдоосу менен аталган автожолду асфальттоо каралганын, иш жакынкы арада башталарын билдирди. Ала-Бука - Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес. Министр Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр - Ак-Суу - Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="171193,171194"]