"Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат". Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт
Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7- февралда саат 10:00дө Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Кыргыз Эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров 6-февралга караган түнү көз жумду. Ал өткөн жылы 14-майда жакын санаалаштары, кесиптештеринин курчоосунда 80 жаш юбилейин белгилеген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/rejisser-gennadii-bazarov-80-jash-yubileiin-belgiledi/">белгилеген.