Royal
SerepTV Logo

"Акыркы жолу "Ош базардан" көрүшкөн". 37 жаштагы жаран апрелден бери дайынсыз

"Акыркы жолу "Ош базардан" көрүшкөн". 37 жаштагы жаран апрелден бери дайынсыз
Бишкекте 37 жаштагы Эркинбеков Мирзат Шайырбекович изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 1-майда милицияга анын агасы кайрылып, Мирзат Эркинбековдун 2022-жылдын 27-апрелинен бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал Ысык-Көл облусундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып берган эмес. Акыркы жолу аны "Ош базарынын" аймагынан телефон сатып жүргөндө көрүшкөн. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң. Аба ырайына жараша кийинип жүргөн. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0(312) 352-605, 0(553) 102-465, 0(703) 401- 600, 0(705) 450-553, 0(553) 102-880 номурларына чалсаңыздар болот.