"Акыркы жолу 2019-жылы байланышкан". Чүйдө Нурсултан Анарбеков изделип жатат
Чүйдө Таластын 1993-жылы туулган тургуну Анарбеков Нурсултан Айдарбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал өткөн жылдын 7-июнунда "Манас" аэропортуна конгон. Ошол бойдон дайынсыз болууда. Акыркы жолу жакындары менен 2019-жылы байланышкан. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңыздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="165751,165752"]