Abank
SerepTV Logo

"Акыркы жолу 2-декабрда байланышкан". Бишкекте 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат

"Акыркы жолу 2-декабрда байланышкан". Бишкекте 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат
Бишкекте 1990-жылы туулган Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 20-декабрда милицияга анын жубайы кайрылып, жолдошу акыркы жолу 2-декабрда байланышканын, «С легким паром!» мончосунда экенин айтканын, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Белгилери: бою 180-185 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Кийген кийими: кара куртка, кара жынсы, күрөң водолазка, кара ботинка. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (500) 60-70-67 номуруна кайрылсаңар болот.