Abank
SerepTV Logo

Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясын сынга алды

Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясын сынга алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станцияда болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө жамгыр көп жааган маалда Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлануусунан улам ичүүчү суу берүү токтотулуп жаткандыгы айтылды. Министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарынын мэриясынын шаардыктарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишин сынга алды. «Мен өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган элем, бирок Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңыздар, ээлеген кызматтарды бошотуңуздар. Маселени чече ала турган адамдар чыгат. Ичүүчү таза суу – адамдын эң негизги муктаждыгы», - деп белгиледи Акылбек Жапаров. Министрлер кабинетинин башчысы так эсептөөлөрдү даярдап, жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоону тапшырды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="158715,158716,158717"]