Акыйкатчы институту: "Ошто окуучуну "мал" деген мугалим кайра ишке алынган"
Ошто 1-класстын окуучусун "мал" деген мугалим кайра ишке алынган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Ош шаарынын тургуну Акыйкатчы институтуна анын баласынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Окуу жылы башталгандан кийин ал баласын жалпы билим берүү мектептеринин биринен алып, менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгон, анткени мектепке өткөн жылы анын 1-класстагы уулун кемсинткен мугалим кайтып келген.
- 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде мугалим 1-класстын окуучусун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары уулунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу ошондой эле социалдык тармактарга жарыяланган. Ал резонанс жаратып, башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан. Бул окуядан кийин мугалим 2022-жылы 30-сентябрда арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон.