Abank
SerepTV Logo

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова: "Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова кечинде бошотулду"

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова: "Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова кечинде бошотулду"
"Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова кечинде бошотулду". Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирип, милициянын адам укуктарын бузгандыгы териштилерин айтты. Каныкей Аранова 14-октябрда саат 11:00 чамасында Куршаб-Өзгөн маршрутундагы жолдо бир топ милиция кызматкерлери автоунааны тосуп, аны Өзгөн РИИБнө алып кетишкен жана ага карата бейбаштык беренеси менен протокол түзүп, сотко өткөрүшкөн. Үйдө 8 жаштагы кызы жалгыз экендигин айтса да милиция кызматкерлери көңүл бурган эмес. Өзгөн райондук сотунун судьясы прокурордун катышуусунда чечим чыгарган, 8 жаштагы кызы бар экендиги эске алынып, 30 сааттык коомдук жумушка тартуу тууралуу жазага тарткан. Кечке жуук гана Каныкей Аранова үйүнө бошотулган. Ал жалгыз бой эне, багуусунда 8 жаштагы кызы бар”, - деп жазылат акыйкатчынын билдирүүсүндө. Каныкей Аранова 10-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы берилбесин деген талап менен өткөн митингде модераторлук кылган. Эртеси күнү, 11-октябрда ал Фейсбук барагынан видео кайрылуу жасаган. 15-октябрда Кыргыз жер кыймылы Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнда элдик курултай өтөрүн маалымдаган эле. Иш-чара тууралуу кабарды Аранова да Фейсбук баракчасына жарыялаган. Кечээ, 14-октябрда Ош облустук милициясынан анын эмне себептен кармалганын билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ozgondogy-kempir-abad-boyuncha-mitingdin-katyshuuchusu-kanykei-aranova-karmaldy/">билдиришкен.