Аквапаркта 3-класстын окуучусунун көз жумушу. Мугалимдерди жумуштан мажбурлап кетиришкени айтылды
Окуучусу аквапаркка чөгүп кеткен Бишкектеги №95 мектептин мугалимдери өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаныбек Асанбеков соцтармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жумуштан бошотулган мугалимдердин биринин өкүлүнүн кайрылуусунун негизинде мектепте комиссиянын сырттан жыйыны өткөн.
«Мугалимдер Ленин РИИБдин инспектору жана директор каза болгон бала окуган класстын класс жетекчисин жана башка мугалимдерди арыз жазбаса Эмгек кодексинин беренеси боюнча жумуштан кетиребиз деп коркутушкан. Алар жумуштан өз каалообуз менен кетебиз деп арыз жазышкан. Мугалимдердин айтымында, алар арыздарды директордун кысымы астында жана инспектордун кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутууларына байланыштуу жазышкан. Белгилей кетсек, мугалимдерди иштен алуу инспекторунун компетенциясына кирбейт жана аларды эркинен ажыратуу менен коркутуу мыйзамсыз», - деди ал.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/06/263696_w_h500_1655349718_r.jpg" alt="" width="712" height="500" />