Ак Үйдүн 2-кабатынан секиргени айтылган депутаттын шашып бара жаткан видеосу жарыяланды
Депутат Эмил Жамгырчиев Ак Үйдүн 2-кабатынан секирип качып кеткени айтылууда.
Кечээ, 9-январда депутаттык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputattyk-komissiya-jamgyrchievdi-kylmysh-joopkerchiligine-tartuuga-makulduk-bergen/"> уруксат берген. Бул маалыматты уккандан кийин депутат тергөөчүлөрдөн качып Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинеттеринин бирине кирип, кийин ал жактан секирип сыртка чыгып кеткени айтылууда.
Коридордон шашып бара жаткан Эмил Жамгырчиевди "Азаттык" радиосунун кабарчылары видеого тартып калууга үлгүрүшкөн. Азыр анын кайда экени белгисиз.