Royal
SerepTV Logo

Ак Үйдөн качкан депутат боюнча Эрулан Кокулов өз пикирин билдирди

Ак Үйдөн качкан депутат боюнча Эрулан Кокулов өз пикирин билдирди
9-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Мындан көп өтпөй, депутат тергөөчүлөрдөн качып, Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинетинен секирип сыртка чыгып кеткен. Талкуу жараткан бул окуяга карата депутаттардын пикирин угуп көрдүк. Депутат Эрулан Кокулов бул ишке "уят" деген баа берди. "Уят. Башка комментарий бере албайм. 2-кабаттан секирип, чуркап качкан видеолору тарап кетти. Бул уят. Алдын ала айтып кетейин дегеним, добуш берип жатканда жакшылап карап, анан добуш берсеңер дейм", - деди ал.