Abank
SerepTV Logo

Ак-Сууда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды

Ак-Сууда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 6-класстын окуучусунун жансыз денеси үйүнөн табылды. Маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Окуя 20-февраль күнү саат 11:00дөр чамасында болгон. Райондук билим берүү бөлүмүнөн журналисттерге билдиришкендей, бала классташтары менен жакшы мамиледе болгон жана акыркы убакта жакшы окууга аракет кылып жаткан. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.