Ак-Сай айылынын тургуну: "Капчыгайда 3 эле үйгө өрт коюшпаптыр. Баш-аягы 80дей үй бар болчу"
"Капчыгайда 3 эле үйгө өрт коюшпаптыр. Баш-аягы 80дей үй бар болчу". Бул тууралуу Ак-Сай айылынын тургуну Матмуса Надыров "Салам Медиа" баракчасына берген маекте айтып берген.
"16-сентябрь күнү уруш башталганда тажиктер дароо эле үстөмдүк кылышып, алар тараптын 2 миңдей жоокери бар болчу. Бир эле минометту атып алып турушту. Ак-Сай менен Капчыгай дарыянын эки өйүзүндө жайгашкан. Тоого качып чыгып карап турдук. БТРлери менен биздин айылда ойноп жүрүштү. Үйлөргө өрт кое башташты. Капчыгайда 3 эле үй калыптыр. 80дей үй бар болчу", - деди ал.