Abank
SerepTV Logo

Ак-Өргөдө электр мамысына чыгып алган 12 жаштагы бала аман-эсен түшүрүлдү

Ак-Өргөдө электр мамысына чыгып алган 12 жаштагы бала аман-эсен түшүрүлдү
Ак-Өргөдө электр мамысына чыгып алган 12 жаштагы бала аман-эсен түшүрүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя кечээ, 8-ноябрда каталган. Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Ак-Өргө жаңы конушундагы жогорку чыңалуудагы электр мамысына бала чыгып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция анын 2010-жылы туулган бала экенин аныктап, алып түшүп, ата-энесине өткөрүп берген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.