Айылдардагы орус тилдүү класстар жабылышы мүмкүн
"Балким айылдагы орус тилдүү класстарды жабууга туура келет". Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда билим берүү министрине талапкерлиги каралып жаткан Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
"Билим берүүнүн жетишкендигине булар чоң сапат бербей, функционалдык сабаттуулук өтө өксүп жаткан мезгили", - деди ал.
Ал ошондой эле баары кыргыз тилин билиши керектигин айтты.