Маданият жана искусство университетинин ректору, Айпери Чотонованын атасы Мамашарип Чотонов дүйнө салды
Кечээ, 8-декабрда оорудан улам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович дүйнө салды.
Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 2014-жылдын 15-апрелинен тарта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан. Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/12/318839939_460942442864184_145360825067322009_n.jpg" alt="" width="300" height="300" />
Маркум Чотонов Мамашарип блогер, актриса Айпери Чотонованын атасы.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жамааты Мамашарип Чотоновдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.