Abank
SerepTV Logo

«Айгүл-Тоо» коругуна 3 жылга кирүүгө тыюу салынды

«Айгүл-Тоо» коругуна 3 жылга кирүүгө тыюу салынды
Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга кирүүгө тыюу салынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен райондук администрациясынан тастыкташты. Мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүүдө. Жарандарга 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботаникалык коруктун аймагына кирүүгө болбойт. Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Болжолдуу 12-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.