Айгүл Жапарова Түптөгү өзү окуган мектебине барды (сүрөт)
Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айылында №15 орто мектептин модернизициядан кийинки имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу АРИСтен билдиришти.
Мектептин ачылышына арналган иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты.
"Мектептин имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, мектеп энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарына жооп бербегендиктен, жылытуу мезгилиндеги суук класстар окуу процессин ого бетер кыйындаткан. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174869,174870,174871,174872,174873,174874"]