Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту (сүрөт)
Өлкөнүн биринчи айым Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"6-мартта өткөн “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-орусиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="167283,167284,167285,167286,167287,167288,167289,167290"]