Abank
SerepTV Logo

Айгүл Жапарова Баткенде балдар үйүнө барды

Айгүл Жапарова Баткенде балдар үйүнө барды
Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 27-апрелде Кадамжай районунун Совет айылындагы «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барды. Ал бул мекеменин жашоо шарты, тамак-ашы, балдарга болгон камкордугу, ошондой эле имараттын жалпы абалы менен таанышты. Айгүл Жапарова өзү жетектеген «Эне-балага тирек» фондунун атынан мекемеге эки кабаттуу керебеттерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырды. «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар интернаты 2018-жылы 8 жылдык келишим менен ижарага алынып, жеке менчик үйдүн имаратында ачылган. Ачылаар алдында объект капиталдык оңдоодон өтүп, ага бардык керектүү коммуникациялар кошулган. Интернат 12 балага ылайыкталган. Азыр анда 3 жаштан 18 жашка чейинки 18 тарбиялануучу жашайт. Балдар үйүнө жетим балдар, жарым жетимдер, ата-энелери тарбиялоо укугунан ажыратылган балдар кабыл алынат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="177166,177167,177168"]