Айгүл Жапарова ата-энелер жана балдарга арналган фестивалга катышты (сүрөт)
Биринчи айым Айгүл Жапарова кечээ, 30-майда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган "Алтын Казык" интерактивдүү фестивалына катышты.
"Бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өзүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт", - деди ал.
Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды. Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.
"Алтын Казык" фестивалын "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду "Супара" этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган. Фестивалдын максаты - улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="183874,183875,183876,183877,183878,183879,183880,183881,183882,183883"]