Айгерим Расул кызы SUPERTV’нын "аргасыздан иттин этин жейбиз" деген каармандарына 150 миң сомдук жардам көрсөттү
Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы SuperTV`нын "аргасыздан иттин этин жейбиз" деген каармандарына жардам көрсөттү. Ал жубайлардын жардамга муктаж үй-бүлөгө кийим-кече, азык-түлүктөн баштап тиричилик техникасына чейин белек кылып кубантты.
"Үй-бүлө тууралуу окуп алып, денемди калтырак басты. Чай ичкенде да эсимден кетпей койду. Бул жашоодо эч кимге сын такпаш керек. Кудайга шүгүр, 3 баланы бериптир. Жүрөгүм ооруп, аларды кубандыргым келди. Муздаткыч, сыналгы, кир жуучу машина, азык-түлүк алып келдим",- деди ырчы айым.