Аида Салянова 6 жаштагы кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун сүйүнчүлөдү
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова 6 жаштагы кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун сүйүнчүлөдү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Биздин биринчи чоң жеңишибиз! Кызым Кыргызстандын шахмат чемпиону болду! Алдыда дүйнө чемпионаты!" - деп жазылат саясатчынын билдирүүсүндө.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/03/180857_1.jpg" alt="" width="526" height="701" />
Аида Салянованын 1 уул, 2 кызы бар. Кичүү кызы 2015-жылы июль айында төрөлгөн.