Abank
SerepTV Logo

Адахан Мадумаровдун тарапташтарын УКМК кызматкерлери суракка алып кетишкени айтылды

Адахан Мадумаровдун тарапташтарын УКМК кызматкерлери суракка алып кетишкени айтылды

Бүгүн, 6-июлда саат 07:00дө депутат Адахан Мадумаровдун бир нече тарапташы суракка алынды. Бул тууралуу журналисттерге депутат өзү билдирген.

Муну ал Ленин районундагы Жогорку Кеңешке шайлоо менен байланыштырган. Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар экени айтылууда. 

УКМК маалымат бере элек.