Abank
SerepTV Logo

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакта калтырылды

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакта калтырылды
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалганы маалымдалды" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputat-adahan-madumarovdun-karmalgandygy-maalymdaluuda/">маалымдалды. Аны ИИМден сотко алып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/madumarov-iimden-alyp-chygyp-sotko-alyp-ketishti/">алып кетишип, бирок кандай себептен кармалганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputat-jashyruun-ish-okshoit-madumarov-menen-syiloshtyrboi-koyushtu/">белгисиз. Бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 24-октябрга чейин камакта калтырылды. Ал УКМКнын СИЗОсунда камакта болот. Мадумаровдун мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу.