Abank
SerepTV Logo

Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады

Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады
Бүгүн, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго эң көп кабыл алынгандар: - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115; - Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864; - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563; - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938; - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891; - К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811; - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635.