"Аалам периси" сынагына катышкан кыргыз сулуусу канча каражат коротконун айтты
АКШда өткөн «Аалам периси» сынагынын уюштуруучуларын кечирим сураткан Алтынай Ботоярова SuperTV`га маек курду. Маек учурунда ал элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.
"Сынакка мүчө болуш үчүн 17 миң доллар төлөдүм. Андан башка көйнөктөргө, операторлорго деп жатып, 50 миң доллар короттум. Менин өнөктөшүм болгон жок", - деди ал.
Ал "Аалам периси" сынагынын сахнасына чыгуу эле кыялы болгонун айтты. "Мен сынакка чыкканда эле өзүмө "Алтынай, сен жеңдиң" деп айттым. Кайсы орунду алам ал мага маанилүү эмес болчу", - деди ал.