Royal
SerepTV Logo

9-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-январга караган түнү Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +12…+14 градус жылуу.