Abank
SerepTV Logo

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз ала булут каптап, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+29 градус ысык болот.
Unknown Author