Royal
SerepTV Logo

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20…+25; Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +17…+22; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22; ​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24 градус болот.