Abank
SerepTV Logo

9-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.