Abank
SerepTV Logo

9-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-февралда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3, Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +4…+6 градус болот.