Royal
SerepTV Logo

9-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-декабрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…+2, күндүз -4…+1, Талас облусунда түнкүсүн -9…-4, күндүз -5…0, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…+0, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -1…+4. Бишкек шаарында маал маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…+2 градус болот.