Royal
SerepTV Logo

Синоптиктер: 9-12-декабрь күндөрү өлкөдө катуу суук болушу күтүлөт

Синоптиктер: 9-12-декабрь күндөрү өлкөдө катуу суук болушу күтүлөт
9-12-декабрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен. Синоптиктердин маалыматы боюнча, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда түнкүсүн -20° чейин түшүп, тоолуу аймактарда абанын температурасы -36°ка чейин төмөндөйт.