Abank
SerepTV Logo

9-11-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн

9-11-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн
9-февралдан 11-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 2 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.