Abank
SerepTV Logo

8-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

8-январга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10; Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6; ​Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.