Abank
SerepTV Logo

8-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
8-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+13, күндүз +17…+22, Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22 градус болот.