Royal
SerepTV Logo

8-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
8-декабрда түнү жана эртең менен өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6, Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +0…+5. Бишкек шаарында 8-декабрга караган түнү жана күндүз жаан-чачын болбойт, кечке маал жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.