8-декабрга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт
6-декабрдан 8-декабрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары-дармек кутучасы менен камсыз болуңуздар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - дешти.