Abank
SerepTV Logo

8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 8-августта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз да өлкөнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+22, күндүз +27…+32; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус ысыйт. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.