Abank
SerepTV Logo

8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 8-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус. Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.