8-9-ноябрда өлкөдө суук түшөт
"8-9-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрүндө жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт" деп билдирет Кыргызгидромет.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, суу кар жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +3...+8, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1 градус суук болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...-5 суук, күндүз +1...+6, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5… -10, күндүз -3...+2, тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15 суук болот.