Фактыларга карабастан, айрым тартип бузуучулар күнөөсүн моюнуна алуудан баш тартышты. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
"7500 сомдон 23 миң сомго чейин". Калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды
Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Инспекция тарабынан Туңгуч кичи районундагы №36 үйдүн жанындагы куймак сатуучу жай жоюлду. Алыкулов көчөсүндөгү №11 дарегинде мыйзамсыз курулуш алынды. Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн шаар тургуну жоопко тартылат. Кара-Жыгач конушундагы белгиленбеген жерге өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн “Аалам Строй” ишканасы жоопкерчилик тартат. Айып пулдун суммасы 23 миң сомду түзөт. Жолдун жүрүүчү бөлүгүн булгагандыгы үчүн шаар тургунуна 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.