Abank
SerepTV Logo

7-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

7-январга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10; Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5; ​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот.