Royal
SerepTV Logo

7-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+5, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8. Бишкекте күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.