Royal
SerepTV Logo

7-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.